Футзал: Тажикстан күчтүү делген тайпадан Азия Кубогуна жолдомо утуп кетти

Бүгүн, 12-апрелде Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Тажикстан курама командасы Өзбекстан менен беттешип, 5:2 эсебинде жеңилип калды.

Ал эми Тажикстандын тайпадагы негизги атаандашы Ооганстан Непал менен кез келип, 8:1 эсебинде утту.

Бул көрсөткүч менен Тажикстан дагы, Ооганстан дагы тайпада 4төн упайга ээ болду. Бирок голдордун саны боюнча Тажикстан алдыда болуп, "В" тайпасында Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомо утту.

"В" тайпасында Азия Кубогуна Өзбекстан менен Тажикстан чыкты.

Белгилей кетсек, бул тандоо туру өлкө тарыхында алгачкы ирет өткөрүлүүдө. Азия Кубогунун финалдык баскычы 2022-жылдын 25-сентябрынан 20-октябрына чейин Кувейтте өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан