Бүгүн, 12-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия Кубогуна тандап алуу оюнунун алкагында Кыргызстан менен Иран курама командалары беттешүүдө.
Беттештин биринчи бөлүгү дээрлик аяктап калганда оюн талаасында футзалчылардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, футзалчылар жакалаша кетишти. Аларды калыстар аралашып, ажыратты.
Биринчи бөлүктө Иран курамасы 2:1 эсебинде алдыда келе жатат.