Бүгүн, 13-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалындагы "Бавария" жана Испаниянын "Вильярреал" клубунун жооптук оюну болуп өттү.
Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Үй ээлеринен Роберт Левандовский (52-мүнөттө), коноктордон Саму Чуквуэзе (88-м) гол киргизди.
Испаниядагы биринчи оюн 1:0 эсебинде "Вильярреалдын" жеңиши менен аяктаган. Эки беттештин жыйынтыгында фавориттердин бири деп эсептелген "Бавария" турнирден четтеп калды.
Чемпиондор Лигасынын жарым финалында "Вильярреал" клубу "Бенфика" - "Ливерпуль" жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.
Муну менен "Вильярреал" 2006-жылдан бери биринчи жолу Чемпиондор Лигасынын жарым финалына жолдомо алды. Ошол кезде испаниялык команда лондондук "Арсеналга" жеңилип калган.