Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Биринчи Май районунун кызматкерлери тарабынан борбордогу жыныстык кызмат көрсөткөн уюк жабылды. Бул тууралуу 27-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кызыл Октябрь көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн белгисиз адамдар иштетип жаткан сойкукана табылган. Кирип бара жаткан кардарлар өз убагында токтотулган.
Операция учурунда кармалган кыздар милицияга алынып келинди. Тергөөнүн жүрүшүндө администраторго карата кылмыш ишин козгоо каралууда.