Бүгүн, 13-апрелден 14-апрелге караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалынын жооптук оюндары өтөт. Бүгүнкү оюнда 1/4 финалга чыккан 4 команда кез келет.
Оюндардын тизмеси: "Атлетико Мадрид" (Испания) - "Манчестер Сити" (Англия);
"Ванда Метрополитано" стадиону (Мадрид шаары, Испания);
Башкы калыс: Ковач Иштван (Румыния).
Бул эки команданын алгачкы оюну 6-апрелде өтүп, 1:0 эсебинде англиялык клубдун жеңиши менен аяктаган.
"Ливерпуль" (Англия) - "Бенфика" (Португалия);
"Энфилд" стадиону (Ливерпуль шаары, Англия).
Башкы калыс: Хиль Мансано (Испания).
Бул эки команданын дагы алгачкы оюну 6-апрелде өтүп, 1:3 эсебинде "Ливерпуль" клубунун жеңиши менен аяктаган.
Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.