"Атлетико Мадриддин" коргоочусу Шиме Врсалько Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында жеңилип калгандан кийин "Манчестер Ситинин" оюнчусу Кайл Уокерге дарбазачынын мээлейин ыргытып, андан кийин түкүрдү. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя беттеш аяктап, оюнчулар талаадан чыгып бара жаткан убакта болгон. Анда Врсалько өзүн эмоционалдуу көрсөтүп, Уокерге дарбазачынын мээлейин ыргытып, андан кийин түкүргөн.
Эске салсак, Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын жооптук оюнунда "Атлетико" "Манчестер Сити" менен 0:0 эсебинде тең чыккан. Эки беттештин жыйынтыгы боюнча жалпы эсеп 1:0 болуп, "Манчестер Сити" жарым финалга жолдомо алды.