Испаниянын "Реал Мадрид" жана Колумбия курама командасынын мурдагы жарым коргоочусу Фредди Ринкон 55 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мурдагы футболчу унаа башкарып бара жатып автобус менен сүзүшүп, анын кесепетинен каза болгон. Кырсык 11-апрелде Колумбиянын Кали шаарында болгон.
Фредди Ринкон жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Автобустун айдоочусу жана жүргүнчүлөрү да ооруканага жеткирилген, бирок алардын жаракаттары анча деле оор эмес.
Ринкон 1995-1996-жылдары "Реал Мадрид" клубунда ойногон. 1986-жылдан 2004-жылга чейин созулган карьерасында жарым коргоочу "Наполи" жана бир катар Колумбия, Бразилия клубдарында да ойногон. 1990-2001-жылдары Колумбиянын курама командасына чакырылган.