Бишкекте "24 жана 27 жаштагы кыздарды зордуктоого аракет кылган" деген шек
менен эки адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн,
27-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Токмок шаарынын 24 жаштагы тургуну Т.Айгүл укук
коргоо органдарынын өкүлдөрүнө өзүн эки адам зордуктоого аракет жасагандыгы
тууралуу кайрылган. Ушул эле себеп менен тартип сакчыларына Токмок шаарынын 27 жаштагы тургуну
Т.Наргиза да кайрылган.
Ошол замат шектүүлөрдү кармоого Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн
кызматкерлери киришип, Токмок шаарынын 22 жаштагы тургуну Б.Исламбек
менен 21 жаштагы тургуну Б.Уранды колго түшүрүшкөн. Кармалгандардын үйүн
текшерүү учурунда тапанча жана аң уулоодо колдонулуучу мылтык табылган. Учурда
териштирүү иштери жүрүүдө.