Араванда Аскер комиссариатынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Пара алуу фактысы боюнча Ош облусунун Араван райондук Аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, комитет тарабынан буга чейин кылмыш иши козголуп, анын алкагында Аравандагы Аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы Э.Э. кармалды.

"Кармалган кызматкер альтернативдик кызматка чакыруу үчүн документтерди тариздөөгө 37 миң сом акча каражатын талап кылганы аныкталган. Ал акча каражатынын бир бөлүгүн алгандан кийин кармалып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 159-беренесине ылайык андан аркы тергөө амалдарын уюштуруу максатында Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди", - дешет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан