Түндө Бишкек шаарында эркек адамды эсинен оодара ур-токмокко алып жаткан кыздардын видеосу тарады. Видеону активист Афтандил Жоробеков социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Андагы маалыматка караганда окуя түнкү саат 00:30 чамасында Чүй проспектиси менен Кайсын Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.
"Бул эмне деген зомбулук? Баланы өлтүрүп койду го кыздар", - деп жазган видеонун автору.