Бүгүн, 27-ноябрда 3 салмак категориясы боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону 42 жаштагы америкалык мушкер Шейн Мозли беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмунун расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Австралияда өтө турган беттеште анын атаандашы австралиялык Энтони Мандайн болмокчу. Бул беттеш рейтингдик беттеш экенин кошумчалай кетели.