Антонио Тарвер 1 жылдык тыныгуудан кийин мекендешин утуп алды

Дүйнөнүн экс-чемпиону Антонио Тарвер мекендеши Майк Шеппардды утуп алды. Бул тууралуу Эл аралык бокс уюму билдирет.

Маалыматка ылайык, IBO версиясы боюнча 2 салмак категориясында Дүйнөнүн экс-чемпиону, америкалык Антонио Тарвер кечээ, 26-ноябрда мекендеши Майк Шеппард менен беттеш өткөрүп, 4-раундда техникалык нокаут менен утуп алды. 4-раунддун жүрүшүндө Тарвер атаандашын 3 ирет нокдаунга учуратты. 4-ирет катталган нокдаундан соң калыс беттешти токтотту. 

Шеппарддын үстүнөн катталган жеңиш Тарвердин карьерасындагы 30-жеңиши.

Эскерте кетсек, Тарвер акыркы беттешин 2012-жылы 2-июнда нигериялык Латифа Кайоде менен болгон. Анын допинг колдонгону ачыкка чыгып, 1 жыл рингге чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан