Футзал: Азия Кубогуна чыкпай калгандан кийин башкы машыктыруучу Амиржан Муканов кызматтан кетти

Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов кызматтан кетти. Бул тууралуу футзал федерациясынан кабарлашты.

"Мен команданын башкы машыктыруучусу болуп алты жыл иштедим. Бул оор жумуш болду. Футзал командасы менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген футбол союзунун президентине жана аткаруу комитетине ыраазычылык билдирем, ар бир оюнчуга жана бардык күйөрмандарга колдоо көрсөтүп, сын айтканы үчүн ыраазычылык билдирем. Биз футзалыбыз атаандаштыкка жөндөмдүү экенин көрсөтө алдык”, - деген Амиржан Муканов.

Амиржан Муканов 2016-жылдан бери Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеп келген. Анын жетекчилиги астында команда эки жолу Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан.

10-12-апрель күндөрү Бишкекте өткөн Азия Кубогуна тандап алуу оюндарында Кыргыз курамасы тайпасында үчүнчү орунду ээлеп, Азия Кубогуна чыкпай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан