Бишкек ШИИББинин 27-ноябрда берген маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан "16 жаштагы баланы тоногон" деген шек менен Токмок шаарынын тургуну Б.Нурбек кармалды.
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө Ооганстандын жараны, 55 жаштагы Л.Ж. кайрылган. Ал “Села” дүкөнүндө 22-25 жаштагы белгисиз адам күч колдонуп анын 16 жаштагы баласынын 4 500 сом акчасын тартып алганын айткан.
Учурда бул иш боюнча иликтөөлөр жүрүүдө.