Бүгүн, 20-апрелде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери уланды.
Азия чемпиондугуна 60 килограмм салмакта катышкан Жоламан Шаршенбеков алгачкы жүрүшүндө монголиялык балбан менен кез келип, атаандашын 55 секундда 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Муну менен Жоламан Шаршенбеков Азия чемпиондугунун жарым финалына чыкты. Азаматсың, Жоламан!