Азия футбол конфедерациясынын Чакырык Кубогунун финалдык баскычы мурун белгиленгендей март айында эмес, май айында өтмөй болду. Бул тууралуу АКФнын расмий сайты бүгүн, 27-ноябрда кабарлады.
Маалыматка ылайык, мелдеш 19-30-май аралыгында Мальдив аралдарында өтмөй болду. Буга чейин мелдеш 8-23-март аралыгында өтөрү айтылып келген.
Эске салсак, 2014-жылкы АФКнын Чакырык Кубогуна 7 улуттук курама команда катышат. Бул мелдештин жеңүүчүсү 2015-жылы Австралияда өтүүчү Азия чемпиондугуна катышат.
АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычында ойной турган командалар төмөнкүлөр: Мальдив аралдары, Ооганстан, Мьянма, Палестина, Лаос, Филиппин аралдары, Түркмөнстан жана Кыргызстан.