“Арсеналдын” жарым коргоочусу Матье Фламини команданын салтын бузганы үчүн машыктыруучунун сынына кабылды

Лондондук “Арсеналдын” башкы машыктыруучусу Арсен Венгер команданын жарым коргоочусу Матье Фламинини УЕФАнын Чемпиондор Лигасында “Марселге” каршы оюнда жеңи кыска футболка кийип чыкканы үчүн сынга алды. Бул тууралуу англиялык басылмалар билдиришет. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-ноябрь түнү орун алган беттеште Фламини бардык оюнчулардан айырмаланып, жеңи кыска футболка кийип чыккан. “Фламини команданын капитанынын футболкасына карап түздөнүш керек эле. Бул катаны ал ушуну менен токтотот деп ойлойм”,- дейт Арсен Венгер.

Эске салсак, УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 5-турунун алкагында орун алган оюнда “Арсенал” атаандашы франциялык “Марселди” 2:0 эсебинде утту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
future_kg
2013-11-28 14:06:55
Жени узун кийсе, ысып кететтир да!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан