Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугуна 97 килограмм салмакта катышкан Үзүр Жусупбеков алгачкы жүрүшүндө индиялык балбанды жеңип алды.
Биринчи бөлүктө атаандаш партерге коюлуп, андан Үзүр Жусупбеков 2 упай алды.
Экинчи бөлүктө Үзүр Жусупбеков партерге коюлду. Андан индиялык балбан упай ала алган жок. Жыйынтыгында Үзүр Жусупбеков 3:1 эсебинде жеңишке жетип, Азия чемпиондугунун жарым финалына чыкты.