Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Үзүр Жусупбеков жарым финалга чыгып, анда жеңилүү ызасын тартып калды.
Жарым финалда кыргыз балбаны ирандык Мохаммед Балихамзехде аттуу балбан менен кез келип, 4:1 эсебинде жеңилип калды.
Беттештин акыркы 10 секундасында Үзүр Жусупбеков дээрлик утулуп калганын сезгендей, күрөшкөн жок.
Эми Үзүр Жусупбеков коло байге үчүн күрөшөт.