Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө старт алды.
Азия чемпиондугуна 60 килограмм салмакта катышкан Жоламан Шаршенбеков финалга чейин жетип, анда ирандык 23 жаштагы Мехди Мохсен Нежад менен кез келди.
Беттештин биринчи бөлүгүндө Жоламан Шаршенбеков активдүү күрөш көрсөткөндүгү үчүн ирандык балбан партерге коюлду. Андан Жоламан Шаршенбеков упай ала алган жок.
Экинчи бөлүктө ирандык балбан кайрадан партерге коюлуп, андан Жоламан Шаршенбеков 2 упай алып кетти.
Ирандык балбан беттешти андан ары уланта алган жок. Жыйынтыгында Жоламан Шаршенбеков 4:0 эсебинде жеңишке жетти.
Муну менен Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта карьерасында биринчи жолу Азия чемпиону болду. Азаматсың, Жоламан!