Азия чемпиондугу: Бүгүн Мээрим Жуманазарова баштаган эки балбан кыз килемге чыгат

Бүгүн, 21-апрелде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланат.

Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештеринде кыз-келиндер күрөшү башталат. Анда 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова жана 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы килемге чыгат.

Мээрим Жуманазарованын алгачкы атаандашы коңшу казакстандык Мадина Бакбергенова болсо, Айпери Медет кызынын алгачкы атаандашы япониялык Юко Кагами аттуу балбан кыз болот.

Турнир Бишкек убактысы боюнча саат 09:30да старт алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан