Бүгүн, 21-апрелде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланды.
68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова экинчи айлампада түштүк кореялык балбан менен кез келип,
Биринчи бөлүк 4:0 эсебинде Мээрим Жуманазарованын пайдасында аяктады. Экинчи бөлүктө Мээрим Жуманазарова дагы 6 упай алып, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Муну менен Мээрим Жуманазарова Азия чемпиондугунун жарым финалына чыкты.