Дүйнөлүк күрөш уюму кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековдун Азия чемпиону болгондон кийинки укмуштуудай сальтосунун сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Азия чемпиондугунун экинчи күндүк беттешинин мыктылары", - деп жазып 10 сүрөт жүктөлдү уюмдун баракчасына.
Кечээ, 20-апрелде Жоламан Шаршенбеков карьерасында биринчи жолу Азия чемпиону болду. Финалда кыргыз балбаны ирандык 23 жаштагы Мехди Мохсен Нежадди 4:0 эсебинде жеңип алган.
Жеңишинен кийин Жоламан Шаршенбеков укмуштуудай сальто жасаган.