Улан-Батор: Айпери Медет кызы дагы финалга чыкты

Улан-Батордо өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Айпери Медет кызы дагы финалга чыкты.

Жарым финалдык беттеште Айпери Медет кызы монголиялык балбан менен кез келди.

Айпери Медет кызы алгачкы мүнөттө эле атаандашынын аркасына өтүп, айлантып 4 упай алды. Андан кийин кыргыз балбаны дагы эки жолу атаандашынын артына өтүп, 4 упай алып, атаандашын айлантканы үчүн 2 упай алды.

Жыйынтыгында жалпы эсеп 10:0 болуп, Айпери Медет кызы мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Муну менен Айпери Медет кызы дагы 76 килограмм салмакта Азия чемпиондугунун финалына чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан