Ош облусунун Кара-Суу районунда айдоочу "Исмаил-Ата" мечитинин жанында кырсыкка кабылды. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, айдоочу рулга ээ боло албай калган.
Белгилүү болгондой, 17-апрелде саат 20:30 чамасында 19 жаштагы О.Э. рулду башкара албай "Исмаил-Ата" мечитинин жанындагы жол чыракты сүзүп алган. Анын кесепетинен унаа жана жол чырак материалдык чыгымга учураган.
Автокырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.