Депутат: "Азия чемпиондугуна катышып жаткан балбандарыбызга Монголияга барганга гана каражат бөлүнгөн"

Каржы министрлиги Улан-Батордо өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугуна барган кыргыз балбандарынын барганга гана жол киресин төлөп берген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламентте билдирди.

"Биздин балбандарыбызга Азия чемпиондугуна акыркы эки күн калганда тыйынды бөлдүрттүк. Каражат бөлүп бергенде дагы Каржы министрлиги Монголияга бара турган гана тыйынды бөлүп берди. Калган бекитилген каражатты бүгүнкү күнгө чейин бербей отурат. Балбандарыбыз Кыргызстандын желегин желбиретип, элибизди сүйүнтүп жатышат", - деди Тазабек Икрамов.

14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов кыргыз спортчулары Монголияга уча албай жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан