Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалында казакстандык Мадина Бакбергеновага жеңилип калган Мээрим Жуманазарова медаль тапшыруу аземинде көзүнө жаш алды.
Медалды Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев тапшырды. Мээрим Жуманазарова медалды моюнуна илип жатканда эмоциясын кармана албай көзүнө жаш алды.
Кыргыз балбан кызы финалда жеңилип калган дал ушул казакстандык балбанды алгачкы беттешинде 5:0 эсебинде жеңип алган.