Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Эл аралык мелдеш жыйынтыкталды

Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын 10 жылдыгына арналган грек-рим күрөшү боюнча Эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары билдиришти. 

Маалыматка ылайык, мелдеш 2 күнгө созулуп, 179 балбандын ичинен 7 салмак категориясында чемпиондор аныкталды. Чемпион аталып, медаль тагынгандар - Тынар Шаршенбеков (55 килограмм), Рустам Тейишов (60), Жакшылык Эмилбеков (66 килограмм), Темирлан Таиров (74 килограмм), Бекзат Малаканов (84 килограмм), Узур Жусупбеков (96 килограмм), Аман Токтогонов (120 килограмм).  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан