ИИМ: "Жыл башынан бери 2 тоннадан ашуун баңгизат кармалды"

Жыл башынан бери 2 тоннадан ашуун мыйзамсыз жүгүртүүдөгү баңгизат аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2022-жылдын 3 ай аралыгындагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктады. Анда өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 2 тонна 193 килограмм баңгизат каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынганы маалымдалды.

Анын ичинде:
- апийим 4 килограмм 324 грамм;
- героин 5 килограмм 619 грамм;
- каннабистин чайыры (гашиш) 30 килограмм 366 грамм;
- марихуана 47 килограмм 304 грамм;
- кара куурай 3 килограмм 749 грамм;
- каннабистин саманы 458 грамм;
- психотроптук заттар жана башкалар 8 килограмм 034 грамм;
- прекурсорлор 2 тонна 94 килограмм 53 грамм.

Бул баңгизаттардын баасы жалпы 93 миллион 944 миң 282 сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан