Таласта майып кызды зордуктоого шектелип 42 жаштагы жаран кармалды

Таласта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызды зордуктаган деп шектелип 1980-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Бакай-Ата районунун Үйүр-Марал айылынын 1985-жылы туулган Т.Э. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 18-апрелде саат 18:30 чамасында 1992-жылы туулган К. кызы Н. аттуу 1-топтогу майып карындашын Боди аттуу киши зордуктаганын билдирген.

"Аталган билдирүү Бакай-Ата РИИБинде маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү учурунда шектүү катары​ ​1980-жылы туулган А.Н. ​аттуу тургун кармалган. Ал эми жабырлануучу кыз соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөн. ​Жыйынтыгында денесинде күч колдонулган белгилер болгон эмес. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан