Бишкекте “Хизбут-Тахрир” уюмунун мүчөсү кармалды

Бишкек шаарында “Хизбут-Тахрир” уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 57 жаштагы Кыргызстандын жараны А.К.Шнын үйүн тинтүүгө алышканда экстремисттик багыттагы китепчелер жана электрондук түрдө маалыматтар табылган. 

Учурда кылмышка шектүүнүн үстүнөн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 297-берене(конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо) жана 199-беренеси (улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты күчөтүү) боюнча кылмыш иши козголгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан