Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрь күнү Сокулук районунун Сокулук айылындагы үйдөн өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр айтылган дарекке барышканда турак үйдүн бир бөлмөсүнүн полу, ичиндеги төшөнчүлөр күйгөн. Бөлмөдөгү А.Саранча аттуу үй ээсин өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоодон сактап калышкан.
Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин берген маалыматына караганда, өрт электр жылыткычын туура эмес пайдалануудан улам келип чыккан.