Жалал-Абад
облусунун Таш-Көмүр шаарындагы жол кырсыгынан улам беш адам каза болду. Бул
тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат
кызматы билдирет.
Маалыматка
караганда, кырсык 27-ноябрдан 28-ноябрга оогон түнү, түнкү саат 00:30 чамасында
Бишкек-Ош жолунун 451-чакырымында болгон. Анда Ниссан Патруль үлгүсүндөгү
автоунаа жолдон чыгып кетип Нарын дарыясына 30 метр бийиктиктен түшүп кеткен.
Натыйжада Таш-Көмүр шаарынын 19 жаштагы беш тургуну, Асылбек Сансызбаев, Эламан
Романов, Алибек Жумабеков, Майрамбек Шатманов, Нурбек Турдукулов аттуу жаш
жигиттер каза табышкан.