Бүгүн, 28-ноябрда саат 07:19дар чамасында Кыргызстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, зилзаланын очогу Алай районунун айылдарына жакын аймакта катталган.
Нура, Бор-Дөбө, Көк-Суу, Эркеч-Там айылдарында 4 балл, Сары-Таш, Талды-Суу айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткен.
Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор болгон эмес.