Бүгүн, 28-ноябрда Алай районунда жер титирөө болду

Бүгүн, 28-ноябрь күнү Ош облусунун Алай районунда саат 7:19да күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматына Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун адистери билдиришкен. Сейсмологдордун айтымында, жер титирөөнүн очогу Нура, Бор-Дөбө, Сопу-Курган айылдарына жакын жайгашкан аймактарда катталган.
Эл жашаган Нура, Бор-Дөбө, Көк-Суу, Эркеч-Там айылдарында жер титирөөнүн күчү 4 балл, Сары-Таш, Талды-Суу айылдарында 3 баллга жеткен. ӨКМ кызматкерлеринин маалыматында табият кырсыгынан жапа чеккендер катталган эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
514947a
2013-11-29 12:46:15
эл толкуса жер толкуйт. Алайлыктар тынчтыкта, бейпил турмуш кечириңиздер, саясат элге эмес, эл башкарам дегендерге эмеспи.Эл тынч, жер тынч болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан