Чычкан дарыясына кулаган күйүүчү май ташуучу унаанын айдоочусунун жансыз денеси чыгарылды

26-ноябрь күнү саат 15:20лар чамасында 40 тонналык күйүүчү май ташыган унаа Токтогул районундагы Чычкан дарыясына кулап, ичиндеги күйүүчү май сууга төгүлгөн болчу. Ошол күнү Токтогул райондук куткаруу кызматы унаанын ичинен 37 жаштагы жүргүнчүнү алып чыгышкан эле.

Кечээ, 27-ноябрь күнү саат 17:30да Токтогул райондук куткаруу кызматынын куткаруучулары унаанын ичинде кыпчылып калган анын айдоочусун, Кара-Суу районунун тургуну, 1993-жылы туулган Журабаев Шерзоддун жансыз денесин чыгарышып, Токтогул райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришти. Бул тууралуу маалыматты ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Meri77
2013-11-28 13:59:25
15-20 жыл мурун 40 тонналык унааны айдаш учун,айдоочунун куболугундо кандай категория басылыш керек болчу?Ошондой эле канча жылдык стаж керек эле?Азыр 16жаштан баштап каалаган унааны айдап калганбыз.Куболукту сатып алабыз,стаждын кереги жок.Канчалаган бейкуноо адамдардын омуру кыйылууда,ушундай айдоочулардын айынан.
0
sardaralay
2013-11-29 13:05:39
Азыр компаниялар деле коп сурашпайт стажын канча, куболукту сатып алгансынбы же жокпу деп. Айлыгын мынанча дейт макул болсонг иш мына иштейбер дейт болду.
0
Айдай
2013-12-03 17:04:41
29 ноябрь туну Бишкектен Ошко кетип бара жатып ал унааны кордум, кабина деген калбай калыптыр былчыйып, коз алдымдан дагы деле кетпей турат, деги айдоочулар сак болгулачы!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан