Кечээ, 27-ноябрда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын 5-тур оюндарынын алкагында франциялык ПСЖнын чабуулчусу Златан Ибрагимович 8-голун киргизди. Муну менен ал УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын быйылкы сезонундагы киргизген голдорунун саны боюнча мадриддик “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналдуга жетти.
Ал эми мюнхендик "Бавария" УЕФАнын ЧЛсында акыркы 10 беттешин утуп, мелдештин тарыхында катары менен 10 беттеште утуп чыккан жалгыз командага айланды.