Баткен облусунун Кадамжай районунда мектеп окуучусу асынып алган абалда табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Марказ айылынын 16 жаштагы тургуну 2-май күнү саат 17:40 чамасында өзүнүн жашаган үйүнүн короосунда өзүн өзү асып каза болгондугу боюнча райондук милицияга маалымат келип түшкөн.
Каза болгон 11-классынын окуучусу А.Б. үйүндө жалгыз калып, өзүнүн мал сарайына кирип, өзүн өзү асып алган.
Аталган факты Кадамжай РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталды. Каза болгон мектеп окуучусу А.Б.нын атасы Ош шаарында дарыланып жаткан, ал эми апасы Орусияда миграцияда экендиги маалым болду.