Борбордогу Биринчи
Май РИИБинин кызматкерлери Бишкек шаарындагы Тыныстанов көчөсүнөн Камчы
Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, 36 жаштагы К.Э. аттуу адамды
кармашты. Бул тууралуу 28-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган адамга таандык
Гольф-4 унаасын текшерүүдө айдоочунун отургучунун алдынан белгисиз үлгүдөгү
кара түстөгү тапанча, 2 огу бар ок салгыч табылды.
Ыкчам-иликтөө
тобунун кызматкерлери тапанчаны ИИМдин эксперттик-криминалдык борборуна өткөрүп
берип, курал 5.6 калибрлүү «Марголин» үлгүсүндөгү, номуру сүрүлгөн аскердик
тапанча экени аныкталды.
Аталган факты
боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесине (курал-жарактарды мыйзамсыз кармоо) ылайык
кылмыш иши козголду. Кармалган К.Э. Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына
жеткирилди.