Бүгүн, 5-майда өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан "Мурас" аталышындагы футзал турниринин жарым финалдык, 3-орун үчүн жана финалдык беттештери болот.
Мелдешке катышкан 12 команда кечээ тайпалык жана чейрек финалдык баскычтарда ат салышып, 4 команда жарым финалга суурулуп чыккан.
Алар Садыр Жапаров баштаган "Президенттин администрациясы", муфтий Замир Ракиев баштап чыккан "Ыйман" жааты, "Алга" футбол клубунун ардагер оюнчуларынан куралган "Алга" командасы жана эл өкүлдөрүнөн түзүлгөн "Жогорку Кеңеш" жааты.