Футзал: "Алга" футбол клубунун ардагерлери "Ыйманды" жеңип, мелдештин коло байгесине ээ болушту

"Алга" командасы футзал боюнча мелдеште "Ыйман" командасын жеңип, 3-орунду камсыздады. Чечүүчү беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, "Алга" тараптан Нематжан Закиров өзгөчөлөнсө, "Ыймандын" катарынан Давранбек Жунусалиев гол жаратты. Негизги убакытта жеңүүчү аныкталбаган соң оюн калысы пенальтилер сериясын белгиледи. Анда "Алганын" оюнчулары кыйла айырмаланып, 2:0 эсебинде атаандаштарын жеңип алышты.

Команданын буга чейинки оюндарына токтолсок, тайпалык баскычта "Журналисттерди 1:0 эсебинде, "Аймактар" командасын 2:0 эсебинде утуп алышкан. Ал эми чейрек финалдык оюнда "Билим" жаатын 2:0 эсеп айырмачылыгында утса, жарым финалдык беттеште Садыр Жапаров баштаган "Президенттин администрациясына 4:0 менен жеңилип калышкан.

Муну менен "Алга" футбол клубунун ардагер оюнчуларынан куралган "Алга" командасы мелдештин коло байгесине ээ болушту. Белгилей кетсек, алар буга чейин кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн ушул эле турнирде 2-орунду ээлешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан