Эрежесиз эр уруш боюнча Бишкектеги Эл аралык мелдеште кыргызстандык мушкерлер 7 алтын медаль утушту

23-24-ноябрда Бишкекте ММА жана эрежесиз эр уруш боюнча өткөн Эл аралык мелдеште кыргызстандыктар 7 алтын медаль утушту. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары билдиришет.

Маалыматка ылайык, мелдеште Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин мушкерлери 8 салмак категориясында күч сынашышкан. 7 салмак категориясында кыргызстандыктар жеңүүчү аталса, 85 килограмм салмак категориясында Казакстандын өкүлү Согдин Лелгиев алтын медаль тагынды.

Чемпион аталган мушкерлер: Нурбай Мурзалиев (60 килограмм салмакта), Канат Келдибеков (65 килограмм), Илимбек Токтогулов (70 килограмм), Жумабек уулу Актилек (75 килограмм), Камрян Абдасов (80 килограмм), Согдин Лелгиев (85 килограмм), Токтосун уулу Кулсан (90 килограмм) жана Александр Кожин (90 килограммдан жогорку салмакта). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан