УКМК Баткендеги чөп баскан жаңы асфальт боюнча текшерүү иштерин баштады

УКМК Баткендеги чөп баскан жаңы асфальт боюнча текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен шаарынын борбордук стадионуна асфальт төшөө иштеринин сапаты боюнча бир катар маалымат агенттиктеринде жана социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөргө байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирет:

“Борбордук стадионду реконструкциялоонун алкагында подрядчы тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок бул иштер технологиялык процесстин талаптарын бузуу менен аткарылган. УКМК бул абалды өз көзөмөлүнө алып, асфальт төшөө иштерин тийиштүү текшерүүгө алды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка кошумча кабарлап турат”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан