Футзал: Президенттин командасы финалда "Жогорку Кеңешти" утуп чемпион болду

Садыр Жапаров баштаган "Президенттин администрациясы" Бишкекте өтүп жаткан футзал мелдешинде чемпион болду. Алар финалдык беттеште эл өкүлдөрүнөн куралган "Жогорку Кеңеш" командасы менен кез келип, 7:3 эсебинде жеңип алышты. Оюнда "Президенттин администрациясынан" Садыр Жапаров мыктылыгын көрсөтүп, хет-трик жаратууга жетишти. Ошондой эле маданият министри Азамат Жаманкулов менен Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев бирден гол киргизишти. Мындан тышкары "Жогорку Кеңештен" Дастан Жумабеков менен Эмил Жамгырчиев өз дарбазасына бирден автогол киргизип алышты.

Ал эми эл өкүлдөрүнөн Нурлан Ражабалиев, Дастан Жумабеков жана дарбазачылык милдетти аткарып жаткан Эмил Жамгырчиев бирден гол жаратуу менен айырмаланышты.

"Президенттин администрациясынын" буга чейинки оюндарын эске салсак, тайпалык баскычтан ушул эле "Жогорку Кеңешти" 4:1 эсебинде жана Алымкадыр Бейшеналиев баштаган "Ден соолук" командасын 4:0 эсебинде утуп чыгышкан. Ал эми чейрек финалда "Спорттук федерацияларды" пенальтилер сериясында 4:3 эсеп айырмачылыгында жеңип алышса, жарым финалдык баскычта "Алга" командасына 4:0 эсебинде жеңилүү ызасын тарттырган.

Муну менен Садыр Жапаровдун командасы "Мурас" футзал турниринин жеңүүчүсү болду. Алар буга чейин кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн ушул эле турнирде 3-орунду ээлешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан