Президенттик администрациянын жана Кыргыз футбол союзунун демилгеси менен уюштурулган "Мурас" аталышындагы футзал турнири жыйынтыкталды. Ар тармактын өкүлдөрүнөн куралган командалардын катышуусунда өткөн мелдеш 2 күнгө созулду. Анда жалпы 12 команда ат салышты. Турнирдин жыйынтыгы төмөнкүчө:
1-орун: "Президенттин администрациясы"
2-орун: "Жогорку Кеңеш"
3-орун: "Алга"
Мыкты бомбардир: Садыр Жапаров (13 гол)
Мыкты оюнчу: Владимир Арешкин ("Алга" командасы)
Мыкты дарбазачы: Эмил Жамгырчиев ("Жогорку Кеңеш")
Мелдеште жеңүүчү болгон "Президенттин администрациясы" атайын Кубок жана 1 миллион сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланды. Бирок Садыр Жапаров жыйынтыктоочу сөзүндө акчалай сыйлык толугу менен жетим балдар жана карылар үйүнө которуларын билдирип, бул жалпы команданын чечими экендигин белгиледи.
Эске салсак, буга чейинки ушул эле турнирде жеңүүчүлөрү болгон "Өнөр" командасы дагы акчалай байгесин балдар үйүнө өткөрүп беришкен.
"Мурас" турнири жылына 2 ирет өтүүчү достук мелдеши. Ал эми 6 айдан кийин өтүп, көчмө Кубок ар кандай тармактан түзүлүп чыккан командалар арасында кайрадан ойнотулат.