Бүгүн, 5-майда Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн футзал турнири жыйынтыкталды. Аталган мелдештин финалдык беттешинде "Президенттин администрациясы" менен "Жогорку Кеңеш" кез келип, 7:3 эсебинде Садыр Жапаров баштаган команда жеңишке жетишти.
Финалдык оюн бир катар кызыктуу окуялар менен коштолду. Алсак Садыр Жапаровдун хет-трик жасаганы, Дастан Жумабековдун автоголу жана дарбазачылык милдетте турган Эмил Жамгырчиевдин бир канча оюнчуну жазгырып өтүп киргизген голу беттештин эң кызыктуу көз ирмемдеринен болуп калды. Төмөндө беттештин урунттуу учурларын сунуштайбыз.