Ала-Букада Өзбекстандын чек арачыларынын огунан 3 Кыргыз жараны каза болду

Ала-Букада Өзбекстандын чек арачыларынын огунан 3 Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Чек кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Актам айылынын Дөбө-Коргон аймагында болгон. Анда Өзбекстандын чек арачылары 3 Кыргыз жаранына карата курал колдонгон. Анын натыйжасында 1974–жылы төрөлгөн А.К., 1998–жылы төрөлгөн А.Ж. жана 2000–жылы төрөлгөн Ж.А. аттуу кыргызстандык адамдар Ала-Бука райондук ооруканасында көз жумган.

Бул окуяга байланыштуу кыргыз-өзбек чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрүшкөн. Сүйлөшүү бүгүн, 6-майда дагы уланат.

Учурда тийиштүү кызматтар иликтөө иштерин баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан