Улуу жеңиш күнүнө карата Баткен облусунун Кадамжай районунда өтүп жаткан көк бөрү мелдеши уланууда. Бүгүн жарым финалдык баскычтагы алгачкы оюнда "Алай" жана "Өзгөн" командалары кез келип, "Алай" командасы 6:1 эсебинде жеңишке жетишти.
Оюнда "Алайдын" катарынан Баяман Муралим уулу 4 ирет өзгөчөлөнсө, Ариет Төлөнов менен Бекназар Кулмырза уулу бирден салым ташташты. Ал эми "Өзгөндүн" катарынан жалгыз улакты Баатырали Улукбек уулу салды.
Муну менен "Алай" командасы Биринчи лиганын финалына чыкты. Экинчи финалдык жолдомо үчүн "Бакай-Ата Дөөлөт" жана "Көк бөрү мектеби" командалары ат салышат.