Бүгүн, 28-ноябрда Ош шаарында волейбол боюнча республиканын түштүк регионунун клубдар аралык биринчилиги башталды. Ага жалаң уландар командасы катышууда. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке “Ош Бажы” (Ош), “Жаш күч” (Ош), “Динамо УВД” (Жалал-Абад), “Тримэкс ОшМУ” (Ош) жана “Дархан ОшТУ” (Ош) командалары катышууда.
Эске салсак, 3 күнгө созула турган мелдеште командалар өз ара ойноп, жеңүүчүнү аныкташат.
28-ноябрда боло турган оюндардын тизмеси: “Жаш күч” – “Ош Бажы” “Динамо УВД” – “Тримэкс ОшМУ”, “Дархан ОшТУ” – “Жаш күч”, “Ош Бажы” – “Динамо УВД”