"Көк бөрү мектеби" командасы Улуу жеңишке карата Баткен облусунун Кадамжай районунда өтүп жаткан көк бөрү турниринин финалына чыкты. Алар жарым финалдык баскычта Талас облусунун "Бакай-Ата Дөөлөт" командасын жеңип алды. Эки команда беттештин негизги убактысында 2:2 эсебинде тең чыгышты. Анда "Көк бөрү мектебинен" 2 салымды тең Сапарали Теңизбек уулу таштаса, "Бакай-Ата Дөөлөт" командасынан да Тагдыр Турдубаев 2 ирет өзгөчөлөндү.
Андан соң оюн калысы финалга чыга турган команданы аныктоо үчүн буллиттер сериясын белгиледи. Анда "Көк бөрү мектебинин" 3 оюнчусу тең, тагыраагы Тилек Мусабеков, Болотбек Калыбеков жана Эшмурат Эшмуратовдор салымды ийгиликтүү ишке ашырышты. Ал эми "Бакай-Ата Дөөлөт" командасынан Тагдыр Турдубаев алгачкы улакты таштаганы менен Кенжебек Коёшев жана Мырза Жамгырчы уулу катага жол берди. Жыйынтыгында эсеп сандары 3:1 болуп, "Көк бөрү мектеби" финалга жолдомо алды.
Эми алар финалдык баскычта Ош облусунун "Алай" командасы менен кез келет. "Алай" жарым финалда "Өзгөн" командасын 6:1 эсебинде утуп алган.
Белгилей кетсек "Көк бөрү мектеби" быйыл Нооруз майрамына арналган Чолпон-Ата шаарындагы турнирде алгачкы жолу түзүлүп чыгып, оюн көрсөткөн. Команданын жетекчиси жана машыктыруучусу белгилүү көк бөрүчү Белек Мукаев.